Балдар күнүнө карата борбордо "Наристе" фольклордук фестивалы өтөт

Коом Загрузка... 30 Май 2025 18:18
WhatsApp Image 2025-05-30 at 17.51.46.jpeg
copyright icon WWW

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 30.05.25. /Кабар/. Балдарды коргоо күнүнө карата 31-майдан 4-июнга чейин Бишкекте 11 мамлекеттин жана өлкөнүн бардык облустарынын келген таланттуу балдардын катышуусунда бешинчи эл аралык "Наристе" балдар фольклордук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, эртең, 31-майда балдар фольклордук фестивалынын ачылыш аземи Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өтөт.

“Фестивалга 11 мамлекеттен келген 500 бала катышып, 4-июнга чейин уланат. Андан тышкары, 1-июнда Балдарды коргоо күнүнө карата Ала-Тоо аянтында саат 10:00дөн 22:00гө чейин оюн-зоок иш-чаралары өтөт. Алгач саат 10.00дөн кечки 18.00гө чейин шаардын төрт районунун балдар чыгармачыл борборлорунун таланттуу балдары концерт тартуулашат”,- деди Урмат Белекбаев.

Ошондой эле аянттын түштүк тарабында чатырлар орнотулуп, балдар үчүн түрдүү көңүл ачуучу зоналар, интерактивдер болорун мэрия өкүлү кошумчалады.

“Мисалы, аквагримм, фотозоналар, пластилинден моделдөө, сүрөт тартуу сыяктуу балдар үчүн мастер-класс, кызыктуу сынактар, флешмобдор уюштурулат. Андан тышкары, көбүк шоусу, спорт оюндары да болмокчу. Балдар үчүн ар түрдүү белектер, балмуздак таратылат”, - деди ал.