"Балдар үчүн ишеним телефону" 9 айда 53 миңден ашык чалуу кабыл алды

Коом 27 октябрь 2025 11:40
607e9a00719f6120600805.jpg
WhatsApp Image 2025-09-09 at 10.46.37.jpeg
Алдыга
Артка
607e9a00719f6120600805.jpg
WhatsApp Image 2025-09-09 at 10.46.37.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. 2025-жылдын тогуз айында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу "Балдар үчүн ишеним телефонуна" 53 871 чалуу катталган.

Ведомстводон маалымдашкандай, бул орто эсеп менен суткасына 1 897, ал эми айына 5 985 чалуу түшкөнүн билдирет.

Алардын ичинен 2 095 абонент кеңеш же жардам алуу үчүн кайрылган: алардын 869у (41,5%) – балдар, 1 226сы (58,5%) – чоңдор болгон.

Чалуулардын ичинен 1 498ине телефон аркылуу кеп-кеңеш жана сунуштар берилген, 421 абонентке психологдук колдоо көрсөтүлгөн, ал эми 176 кайрылуу мүнөзүнө жараша тиешелүү мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнө жана башка мекемелерге чара көрүү үчүн жөнөтүлгөн.

Жынысы жана жаш курагы боюнча статистикага ылайык, эркектер – 326 (15,6%), аялдар – 900 (42,9%), балдар – 245 (11,7%), кыздар – 624 (29,8%).

Министрликтен белгилешкендей, 111 кыска номери ишеним телефону суткасына 24 саат иштейт (чалуу акысыз), оор турмуштук кырдаалдагы балдарга жана чоңдорго колдоо көрсөтөт.