Бишкек, 10.07.26. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №54 орто мектебинин жанында жайгашкан сейил бакты көрктөндүрүү иштери уланууда. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жалпы аянты 1,3 гектарды түзгөн аймак толугу менен реконструкцияланып, шаар тургундары жана коноктору үчүн заманбап эс алуу жайы түзүлөт.
Долбоордун алкагында эс алуу зоналары, балдар жана воркаут аянтчалары, амфитеатр, жөө жана велосипед жолдору, ошондой эле унаа токтотуучу жай курулат.
Ошондой эле учурдагы жашыл бак-дарактардын негизги бөлүгү сакталып, автоматтык сугаруу системасы орнотулат жана жашыл көчөттөрдү сугаруу үчүн скважина казылат. Мындан сырткары, жергиликтүү климатка ылайык жаңы бак-дарактар жана декоративдүү өсүмдүктөр отургузулат. Жашылдандыруунун жалпы аянты 5 064 чарчы метрди түзөт.
Учурда объектте брусчатка төшөө жана асфальт-бетон жабуусун куруу иштери жүрүп жатат.
Мындан тышкары, сейил бакка заманбап жарыктандыруу системалары, отургучтар, таштанды челектери жана көлөкө берүүчү конструкциялар орнотулат. Бардык көрктөндүрүү элементтери бирдиктүү архитектуралык стилде жасалат.