Балбан Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду

Спорт Загрузка... 19 Сентябрь 2025 09:33
548428153_806974808342405_7272114755888151904_n.jpg

Бишкек, 19.09.25 /Кабар/. Кыргызстандык балбан Нурзат Нуртаева дүйнө чемпионатынын коло байге ээси болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Нурзат Нуртаева Хорватиянын борбору Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатындагы күрөшүн 1/8 финалдан баштап, Азиянын төрт жолку чемпиону, дүйнө чемпионаттарынын төрт жолку байге ээси казакстандык Жамиля Бакбергенованы упайдын сапаты боюнча 3:3 эсебинде утуп алды.

Чейрек финалда Нурзат Нуртаева америкалык Александрия Глотту 8:4 эсебинде жеңди. Жарым финалда Европа чемпиону украиналык Алла Белинскаяга утулуп калган.

Ал эми үчүнчү орун үчүн чечүүчү кармашта кыргызстандык балбан Европа чемпионатынын үч жолку байге ээси, франциялык Полин Лекарпантьени 5:0 эсебинде жеңип, дүйнө чемпионатынын коло медалын багындырды.