Балбан Бекзат Алмаз уулу дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Спорт Загрузка... 16 Сентябрь 2025 01:00
2487138.13d49e3acd432ecf99ff4250d288aacc.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.09.25 /Кабар/. Балбан Бекзат Алмаз уулу Хорватиянын Загреб шаарында өтүп жаткан дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту.

57 кг чейинки салмак категориясында күч сынашкан кыргызстандык балбан финалда Түндүк Кореянын спортчусу Чонгсон Хан менен кез келип, 9:12 эсебинде жеңилип, экинчи орунга татыды.

Белгилей кетсек,13-сентябрда Хорватиянын Загреб шаарында спорттук күрөш боюнча дүйнө чемпионаты старт алды. Мелдеш 21-сентябрга чейин уланмакчы. Анда Кыргызстандын курама командасы күч сынашууда.