Баланын унаадагы коопсуздугу: Министрлик ата-энелерге кайрылды

Коом Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 10:17
baby-in-car-1.jpg

Бишкек, 17.07.26 /Кабар/. Саламаттыкты сактоо министрлиги ата-энелерди балдарды автоунаада ташууда коопсуздук эрежелерин сактоого чакырды.

Ага ылайык, баланын коопсуздугу автоунаа жолго чыга электе эле камсыздалышы керек.

Балдарды коопсуз ташуунун негизги эрежелери:

  • Баланы жашына жана боюна ылайык келген атайын автокреслого же бустерге отургузуу;
  • Коопсуздук куру туура тагылганын ар дайым текшерүү;
  • Зарылчылык болбосо баланы автоунаанын алдыңкы орундугуна отургузбоо;
  • Кыймыл учурунда баланы кучактап же алдыңызга отургузуп кармабоо, анткени жол кырсыгы болгондо аны кол менен кармап калуу мүмкүн эмес.

Министрлик белгилегендей, баланы туура отургузуп, коопсуздук курун тагууга кеткен бир нече секунд анын өмүрүн сактап калышы мүмкүн.