Баладан аутизмдин белгилерин кантип аныктоого болот?

Коом Загрузка... 02 Апрель 2025 18:00
WhatsApp Image 2025-04-02 at 10.32.18.jpeg
copyright icon WWW

Акназик Тургунбаева

Бардык материалдар

Бишкек, 02.04.25. /Кабар/. Аутизм канчалык эрте аныкталып, ооруга кийлигишүү тезирээк колго алынса, баланын коомго аралашуусу ошончолук тез болот. Бул тууралуу”Биринчи радионун” түз эфиринде Бишкектеги №9 Үй-бүлөлүк медицина борборунун неврологу Гүлнур Эркимбекова билдирди.

Дарыгердин айтымында, баланын аутизм менен жабыркап төрөлүшүнө экология, боюнда бар аялдардын тамактануусу, иштеген жумушу, эмоционалдык абалы, өзүнө кам көрүүсү да таасир этет.

“Бала аутизм менен жабыркап жатканын үч белги менен билүүгө болот. Биринчиси - коомго аралашуусу, мында бала атын атап чакырса да карабайт, жооп бербейт. Ата-энесинин, башка адамдардын кыймыл-аракетине жооп иретинде күлбөйт. Ошондой эле өзү теңдүү балдар менен ойнобойт. Ал тургай жаш өзгөчөлүгүнө жараша да ар кандай оюндарга кызыкпагандыгы байкалат. Бул социалдык карым-катнаштын бузулушунан келип чыгат.

Экинчиси- коммуникациянын жабыркоосунан улам бала сүйлөшүп жаткан адамдын, керек болсо ата-энесинин да көзүн карабайт. Башкача айтканда, визуалдык байланыш жабыркаган. Ошол себептен балдар сүйлөбөй же айткан сөзгө түшүнбөй калышат. Алар алгач берилген кыска буйруктарды да аткара албай, өзү түшүнбөгөн же кыска сүйлөмдөрдү гана кайталап айта беришет. Өнүгүүсү артта калган балдар бир нерсени алгысы келсе колу менен көргөзө алат.

Үчүнчүсү - жүрүм-турумдун бузулушу, башкача айтканда, стереотиптик кыймылдын кайталануусу. Мисалы, бала тегеренип эле чуркай бериши же оюнчуктарды максатсыз пайдаланышы мүмкүн. Оюнчук машинаны айдап ойнобостон, дөңгөлөгүн көпкө чейин, айрым балдар 30 мүнөткө чейин айланта берет. Кээде ойногонго туура келбеген нерселер менен ойнойт. Айрым балдар желдеткичти сааттап карап отура бериши ыктымал. Ата-энеси жетелеп кетсе, кайра эле келип карап отура беришет. Ушунун баары жүрүм-турумдун бузулушуна кирет”,-деди дарыгер.

Эркимбекова белгилегендей, балдар аутизминде медициналык дарылоо жок. Болгону кайсы бир синдромдорду алып салабыз. Негизги максат- баланы коомго аралаштыруу.

“Бул үчүн атайын адистер бала менен алектенип, аны өнүктүрүү иши колго алынышы керек. Ал адистер баланы эле эмес, ата-энени дагы бала менен иштешүүгө үйрөтүшөт. Ата-энеси үйрөнгөндөн кийин алар башка үй-бүлө мүчөлөрүнө багыт берет. Бала үчүн да, ата-эне үчүн да атайын өнүктүрүү программасы бар”,-деди ал.