Бишкек, 01.07.26 /Кабар/. Быйылкы жылга "Бала ырысы" жөлөк пулун 3 жашка чейинки балдарга төлөө үчүн республикалык бюджеттен 3 млрд сомдун тегерегинде каражат белгиленип, бүгүнкү күндө 1,7 млрд сом бөлүнгөн. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин Социалдык төлөмдөр башкармалыгынын башчысы Аида Ажиходжоева "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, азыркы саатка карата "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу 800 арыз кабыл алынып, андан тышкары аймактык башкармалыктарда да арыздарды кабыл алуу жүрүп жатат.
"Белгилүү болгондой, арыздарды эки жол менен кабыл алабыз. Биринчиси — "Түндүк" мобилдик тиркемеси, экинчиси — министрликтин аймактык башкармалыктары аркылуу тапшырууга болот. Эгер үй-бүлөнүн тиешелүү документтеринин баары санариптештирилген болсо, мобилдик тиркеме аркылуу кирип эле арызын берет. Анда аймактык башкармалыктарга келүүнүн кажети жок. Негизги документтер: арыз тапшырган жарандын жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн ID-паспорту жана баланын жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү.
Ал эми биздин райондорго кайрылган кайрылмандар болсо, кайрылман статусу белгиленген күбөлүгү жана чет мамлекеттен берилген паспорту расмий түрдө таанылган болушу керек. Андан тышкары, балдары чет мамлекетте төрөлгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан балдарына алган КР жарандыгы тууралуу паспорту же маалымкаты менен кайрылышы зарыл. Ал эми жөлөк пул алууга июль айында арыздар кабыл алынып, август айынан баштап берилип баштайт.", — деди Ажиходжоева.
Эскерте кетсек, бүгүн 3 жашка чейинки балдарга "Бала ырысы" жөлөк пулун алууга арыздарды кабыл алуу башталды.