"Бала ырысы" жөлөк пулу: Арызды кантип берип, кандай документтерди даярдоо керек?

Коом Загрузка... 01 Июль 2026 12:08
720486715_3866981373445033_2507287138110637860_n.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Чолпон Жумалиева

Бардык материалдар

Бишкек, 01.07.26. /Кабар/. "Бала ырысы" жөлөк пулун алуудагы негизги талаптардын бири — бала ата-энесинин же аны караган камкорчунун жанында болуп, Кыргызстандын аймагында жашоосу шарт. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мирланбек Байгончоков "Кабар" маалымат агенттигине билдирди.

WhatsApp Image 2026-07-01 at 11.51.09

Анын айтымында, республика боюнча бүгүнтөн тарта жарандар жөлөкпул алуу үчүн райондук башкармалыктарга жана "Түндүк" тиркемеси аркылуу арыз бере алышат.

"Жөлөк пул алуу үчүн талап кылынган документтерге токтолсом, ата-эненин же баланын мыйзамдуу өкүлүнүн арызы, жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн ID-паспорту, баланын жеке идентификациялык номери көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү керек. Документтер тапшырылгандан кийин ар бир 3 жашка чейинки балага ай сайын 1200 сомдон жөлөк пул берилет", — деди Байгончоков.

Ошондой эле кайрылман статусу бар жарандардын тиешелүү күбөлүгү, айрым жарандардын чет мамлекеттен берилген паспорттору расмий түрдө таанылган болушу зарыл экендиги маалымдалды. Ал эми балдары чет өлкөдө төрөлгөн жарандар Калкты тейлөө борборлорунан алынган Кыргыз Республикасынын жарандыгы тууралуу документ же маалымкат менен кайрылууга тийиш.

Маалымдалгандай, жалпы республика боюнча калктын 38 пайызын балдар түзсө, анын ичинен 3 жашка чейинки балдар 37 пайызын түзөт. Тилекке каршы, жалпы балдардын 33 пайызы жакырчылыкта жашары айтылды.

Белгилей кетсек, "Бала ырысы" жөлөк пулу Кыргыз Республикасынын президентинин 2026-жылдын март айындагы жарлыгынын негизинде киргизилген. Андан соң "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилип, Министрлер кабинетинин токтому менен жөлөкпулду берүү тартиби бекитилген.