Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов "Бала ырысы" жөлөк пулун төлөө маселесине арналган жыйын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө "Бала ырысы" долбоорун ишке ашыруунун алгачкы жыйынтыктары каралды, ошондой эле актуалдуу маселелер талкууланды.
Белгиленгендей, ушул жылдын 1-августуна карата аталган жөлөк пулду алуу үчүн 193 миңден ашуун арыз катталган. 191 миңден ашуун жөлөк пул дайындалган. Төлөмдөр үчүн бюджеттен 235,8 млн сом каражат жумшалган.
"Бала ырысы" жөлөк пулун берүү эң жөнөкөй, даректүү жана ачык-айкын болушу керек. Мамлекеттин колдоосуна укугу бар ар бир бала аны бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жана негизсиз кечиктирбестен өз убагында алышы керек", - деп белгиледи ал.
Жыйындын жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тиешелүү мамлекеттик органдарга аныкталган маселелерди тез арада чечүү, маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча зарыл иштерди аяктоо тапшырмасын берди.
Жооптуу мамлекеттик органдарга коюлган милдеттерди өз убагында аткаруу жана алардын аткарылышы тууралуу үзгүлтүксүз маалымат берип туруу милдеттендирилди.
Эскерте кетсек, "Бала ырысы" ай сайын төлөнүүчү мамлекеттик жөлөк пул бала төрөлгөндөн 3 жашка чейинки курактагы балдарга үй-бүлөнүн кирешесине, жумушка орношуусуна же башка социалдык-экономикалык критерийлерге карабастан дайындалат. Жөлөк пулдун айлык суммасы 1200 сомду түзөт.