"Бала ырысы": Жөлөк пулду төлөөгө 235,7 млн сом багытталды

Коом Жүктөлүүдө... 05 Август 2026 12:45
child-benefits-kyrgyzstan-complete-guide-payments-large-webp.png
copyright icon WWW

Бишкек, 05.08.26. /Кабар/. 2026-жылдын июль айынын жыйынтыгы боюнча ай сайын берилүүчү мамлекеттик "Бала ырысы" жөлөк пулу 191 миң 796 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 5-августта жөлөк пулду төлөөгө 235,7 млн сом каржыланды. Эми коммерциялык банктар алуучулардын эсептерине каражаттарды которууну баштайт.

Эске салсак, 2026-жылдын 1-июлунан тартып Кыргызстанда төрөлгөндөн 3 жашка чейинки балдар үчүн "Бала ырысы" мамлекеттик жөлөк пулун дайындоого арыздарды кабыл алуу башталган.