Бала ырысы: "Түндүк" аркылуу жөлөк пулду кантип тапшырууга болот?

Коом Загрузка... 06 Июль 2026 13:43
images.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 06.07.26. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ай сайын төлөнүүчү жаңы "Бала ырысы" жөлөк пулун "Түндүк" мобилдик тиркемеси аркылуу тапшыруу боюнча нускаманы жарыялады.

Ведомствонун маалыматына караганда, арыз берүү үчүн интернетке туташкан смартфон, паспорт жана арыз ээсинин атына "Элдик Банк" же "Айыл Банкта" ачылган банктык эсеп талап кылынат.

"Эгерде эсеп жок болсо, аны ушул банктардын биринин мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн ачууга болот. Катталгандан кийин банк автоматтык түрдө "талап боюнча" эсеп ачат жана жөлөк пул дал ушул эсепке которулат", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, жөлөк пулду тариздөө үчүн алгач "Түндүк" тиркемесин орнотуп, каттоодон өтүп, аралыктан биометрикалык идентификациядан өтүү жана системага кирүү зарыл. Андан соң "Кызматтар" бөлүмүнөн "Социалдык төлөмдөр" категориясын тандап, "Бала ырысы" кызматын ачуу керек.

Ошондой эле арыз толтурулуп жаткан учурда система арыз ээси жана бала тууралуу маалыматтарды, анын ичинде туулгандыгы жана катталган дареги боюнча маалыматтарды автоматтык түрдө текшерет. Текшерүү ийгиликтүү аяктагандан кийин электрондук арызды жөнөтүү гана калат. Арыздын кароо баскычын "Арыздардын тарыхы" бөлүмүнөн көзөмөлдөөгө болот.

Министрлик ошондой эле жөлөк пул дайындоонун негизги шарттарын эске салды. Жөлөк пул 3 жашка чейинки балдарга дайындалат. Баланын ПИНи көрсөтүлгөн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү болушу керек. Ошондой эле арыз ээси менен бала бир дарек боюнча каттоодо турушу зарыл. Эгерде каттоо дареги өзгөргөн болсо, анда маалыматтарды алдын ала Калкты тейлөө борбору, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы же айыл өкмөтү аркылуу жаңыртуу керек.

Мобилдик тиркемени колдонууга мүмкүнчүлүгү жок жарандар жашаган жери боюнча Эмгек министрлигинин аймактык башкармалыгына жеке өзү кайрылып, арыз бере алышат.