Бишкек, 02.07.26 /Кабар/. “Бала ырысы” жөлөк пулуна бир сутка ичинде 13,7 миңден ашуун арыз кабыл алынды.
Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, биринчи суткада жалпысынан 14 миң 318 арыз келип түштү. Анын ичинен 13 миң 782 арыз жөлөкпул дайындоого кабыл алынды. Бул жалпы арыздардын 96,2 пайызын түздү.
Арыздардын 12 205и (89%) жарандар тарабынан мобилдик тиркеме аркылуу электрондук форматта берилди. Ал эми 1 577 арыз (11%) кагаз жүзүндө тапшырылды.
“Тилекке каршы, 536 арыз (4%) кабыл алынган жок. Мунун негизги себептери мамлекеттик маалыматтык системалардагы жана мамлекеттик маалыматтык ресурстардагы маалыматтардын дал келбестиги болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, министрлик 1-июлдан тарта “Түндүк” тиркемеси аркылуу аталган жөлөк пулга арыздарды кабыл алууну баштады.