Бишкек, 19.11.25. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 10 айында Бала-Саруу ГЭСинде 75,1 млн кВт/сааттын ордуна 77 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү.
Энергетика министрлигинен билдиришкендей, станциянын адистери агрегаттардын иштешин үзгүлтүксүз көзөмөлдөп, гидротехникалык объекттердин параметрлерин текшерип турушат. Гидроэлектростанция туруктуу жана технологиялык процесстер эч кандай үзгүлтүксүз иштөөдө.
"Чакан ГЭС" ААК Бала-Саруу ГЭСинин жогорку техникалык коопсуздугун камсыздоону жана үзгүлтүксүз эксплуатациясын улантат.