Бишкек, 21.05.25. /Кабар/. Бала-Саруу ГЭСи быйыл 80,1 млн кВт саат электр энергиясын өндүрөт . Бул тууралуу “Чакан ГЭС” ААКсынын капиталдык куруу бөлүмүнүн инженери Нурлан Самудин уулу УТРК телеканалына берген маегинде билдирген.
Анын айтымында, учурда анын 50% ы өндүрүлдү.
“ГЭС саатына 25 мегаватт электр энергиясын өндүрүүгө кубаттуу. Бул энергияны иштеп чыгуу үчүн, 50 куб метр суу керек. Азыркы тапта суу сактагычта 440 млн куб метр суу бар. Бир да литр сууну текке кетирбестен электр энергиясын өндүрүп жатабыз. Суунун көлөмүн өлчөөчү заманбап жана акыркы үлгүдөгү жабдыктарыбыз бар. Ар бир генератор өзүнө тиешелүү гана сууну камсыздап, ашыкчасын албайт. Бул жол менен суу үнөмдөлөт”,-деди ал.