2026-жылдын 1-январынан тартып президенттин “Бала Береке” төлөмү жөнүндө жарлыгы күчүнө кирди. “Кабар” агенттигине Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин мамлекеттик жөлөк пулдар бөлүмүнүн башкы адиси Адел Жоомартова бул төлөмгө байланышкан бир катар суроолорго жооп берип, төлөм алуунун шарттарын түшүндүрдү.
“Бала Береке” төлөмү кимдерге берилет?
Бийик тоолуу шарттарда жана алыскы барууга кыйын аймактарда туруктуу жашаган көп балалуу энелерге бир жолку “Бала Береке” төлөмү берилет. Бул бир жолку төлөмдү көп балалуу энелер төртүнчү жана андан кийинки балдарын төрөгөндө алат.
- 4-баласы төрөлсө – 100 миң сом;
- 5-баласына – 600 миң сом;
- 7-баласына – 1 млн сом;
- 8-баласына – 1 млн 200 миң сом;
- 9-баласына – 1 млн 500 миң сом;
- Онунчу жана андан кийинки баласын төрөсө – 2 млн сом.

Төлөм берүүнүн шарттары кандай?
“Бала Береке” бир жолку төлөмүнүн эң негизги шарты – бийик тоолуу, барууга кыйын болгон аймактарда туруктуу жашоо керек. Арыз берген күнгө чейин жаран ошол аймакта эки жыл жашашы зарыл.
“Бул бир жолку төлөм бала бир жашка чыкканда төлөнүп берилет. Мисалы, эне 4-баласын быйыл төрөсө, төлөмдү алуу укугуна бала бир жашка толгондо ээ болот. Ошондо 2027-жылдын 1-январынан баштап арыз менен кайрылышы керек. Арыз берүүнүн мөөнөтү да бар. Бала бир жашка чыккандан баштап 6 айдын ичинде арыз берилиши зарыл. Алты айдан өтүп кетсе, арыздар алынбайт жана бир жолку төлөм төлөнбөй калат. Ошол үчүн бала 1 жарым жашка чыккыча арыз берип жетишип калышы шарт. Акча каражаты арыз берген жарандын банктык эсебине которулат”, - деп белгиледи башкы адис.
Арыз берүүчү кандай документтерди топтошу кажет?
- Баланын апасынын паспорту (же кайрылман күбөлүгү),
- Балдарынын туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрү,
- Аймакта туруктуу жашагандыгын тастыктаган документтер,
- Банктык эсептин номери.

Адел Жоомартованын айтымында, алдын ала болжолдуу эсептөөлөргө ылайык, 2027-жылдын 1-январынан тартып 11 миң балага “Бала Береке” бир жолку төлөм берилет.
Эгиздер төрөлсө төлөмдүн өлчөмү кантип эсептелет?

Эгерде үй-бүлөдө үч бала болсо, андан кийин эгиздер жарык дүйнөгө келсе, эгиз балдар төртүнчү жана бешинчи бала деп эсептелет. Ошондо бул балдарга төртүнчү жана бешинчи балага каралган бир жолку төлөм берилет. Төртүнчү балага - 100 миң сом, ал эми бешинчи балага 600 миң сом каралат. Бардыгы болуп 700 миң сом берилет. Үч эм төрөлсө да ушундай тартипте эле төлөм эсептелет.