Бишкек, 09.10.25. /Кабар/. 8-октябрдан тарта Бишкек шаарындагы бала бакчалардын медайымдары үч күндүк кесиптик жогорулатуу курсунан өтүүдө. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Ага С.Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу институтунун Бишкек, Ош, Нарын, Жалал-Абад шаарларындагы филиалдарынан келген өкүлдөрү катышууда. 72 сааттык программа боюнча даярдалган мастер-тренерлер кийин өз аймактарындагы бала бакчалардын медайымдарынын кесиптик чеберчилигин жогорулатууга салым кошот.
Маалыматта белгиленгендей, аталган институт Ага Хан фондунун колдоосу менен “Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында медициналык-профилактикалык кызматты уюштуруу” боюнча усулдук колдонмону иштеп чыкты.
Буга чейин бала бакчалардын медайымдарынын квалификациясын жогорулатуу маселеси чечилбей келген. Тренингде медайымдардын компетенциялары жана функционалдык милдеттерин, ишти пландаштыруу, эрте жаштагы балдардын тамактануусун, өнүгүүсү жана ден соолугун чыңдоо боюнча негизги багыттар камтылган жаңы колдонмо тууралуу маалымат берилүүдө.
Жакынкы күндөрү Нарын жана Ош облустарындагы пилоттук бала бакчалардын жетекчилерин жана медайымдарын окутуу да пландалып жатканы айтылды.