Бала бакчалардагы бүтүрүү кечелери жана белектер: Директорлорго эскертүү берилди

Коом 22 май 2026 12:45
1779376181.jpeg
1779376178.jpeg
1779376211_large.jpeg
Алдыга
Артка
1779376181.jpeg
1779376178.jpeg
1779376211_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 22.05.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкек шаарындагы бала бакчалардын директорлору менен жолугушуу өттү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, иш-чарага Бишкек шаарынын мэринин орун басары Виктория Мозгачева жана Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева катышты.

Жыйындын жүрүшүндө 2025-2026-окуу жылын аяктоо, балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана жай мезгилинде мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин ишин уюштуруу боюнча актуалдуу маселелер талкууланды.

Мыйзам талаптарын сактоого жана мыйзамсыз акча каражаттарын чогултууга жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулду. Жыйындын катышуучуларына чоң топтордун балдары үчүн бүтүрүү иш-чараларын өткөрүүгө, тарбиячыларга белектерди сатып алууга жана башка муктаждыктарга акча чогултууга катуу тыюу салынары дагы бир ирет эскертилди.