Бала бакча, стадион жана жолдор: Бишкек мэри борбордогу курулуштарды кыдырды

Коом 115 12 Август 2026 16:50
1786527635.jpg
1786527624.jpg
1786527609.jpg
1786527605.jpg
1786527601.jpg
1786527596.jpg
1786527586.jpg
1786527582.jpg
1786527572.jpg
1786527562.jpg
1786527552.jpg
1786527548.jpg
1786527544.jpg
1786527538.jpg
1786527528.jpg
1786527508.jpg
1786527503.jpg
1786527493.jpg
1786527488.jpg
1786527466.jpg
1786527443.jpg
1786527439.jpg
1786527436.jpg
1786527432.jpg
1786527422.jpg
1786527418.jpg
1786527413.jpg
1786527403.jpg
1786527666_large.jpeg
Алдыга
Артка
1786527635.jpg
1786527624.jpg
1786527609.jpg
1786527605.jpg
1786527601.jpg
1786527596.jpg
1786527586.jpg
1786527582.jpg
1786527572.jpg
1786527562.jpg
1786527552.jpg
1786527548.jpg
1786527544.jpg
1786527538.jpg
1786527528.jpg
1786527508.jpg
1786527503.jpg
1786527493.jpg
1786527488.jpg
1786527466.jpg
1786527443.jpg
1786527439.jpg
1786527436.jpg
1786527432.jpg
1786527422.jpg
1786527418.jpg
1786527413.jpg
1786527403.jpg
1786527666_large.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Бишкек мэриясы

Бишкек, 12.08.26. /Кабар/ Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев борбор калаадагы социалдык объектилердин жана жол инфратүзүмүнүн курулушу менен реконструкциялоо иштеринин жүрүшүн текшерди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, шаар башчысы Ак-Тилек конушундагы Ак-Шоокум көчөсүндө салынып жаткан мектепке чейинки билим берүү уюмунун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Учурда объектте от казанын куруу, ошондой эле бала бакчанын жаңы имаратында ички жана сырткы жасалгалоо иштери жүргүзүлүүдө.

Андан соң мэр Анкара көчөсүнүн Ауэзов көчөсүнөн тартып Рухий-Мурас конушундагы 8-көчөгө чейинки бөлүгүндө курулуп жаткан тротуардын курулушун текшерди. Тротуардын жалпы узундугу 1 чакырымды түзөт.

Ошондой эле шаар башчысы Кара-Жыгач конушундагы Шаты көчөсүнүн Кара-Жыгач көчөсүнөн Субан-Ата көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жүргүзүлүп жаткан жол курулушун текшерди. Жол тилкесинин узундугу 616 метрди, унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 7 метрди түзөт. Жолдун эки тарабына жалпы узундугу 924 метр болгон тротуар  куруу каралган.

Мындан тышкары, Айбек Жунушалиев Куланов жана Сухэ-Батор көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан заманбап футбол комплексинин курулушу менен таанышты. Негизги стадион 6 700 көрүүчүгө ылайыкталып, FIFAнын III категориясынын талаптарына жооп берет. Комплекстин курамына мындан тышкары 9 машыгуу талаасы жана 500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай кирет.

Көк-Жар конушунда Күмүшалиева көчөсүндөгү жолдун курулушун текшерди. Жол тилкесинин узундугу 300 метрден ашат, ал эми унаа жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 8 метрди түзөт.

Текшерүүнүн жүрүшүндө шаар башчысы заманбап маданий борбордун курулушу менен да таанышты. Үч кабаттуу имаратта унаа токтотуучу жайлар каралган. Борбордо музыкалык жана театралдык класстар, көргөзмө залы, фуд-корт, ошондой эле маданий жана коомдук иш-чараларды өткөрүүгө ылайыкталган көп функционалдуу жайлар болот.

Мындан сырткары, №69 орто мектепте жүргүзүлүп жаткан капиталдык оңдоо иштери текшерилди. Учурда объектте демонтаждоо иштери аяктап, ички дубалдарды шыбоо жана бөлмөлөрдү шыбак төшөөгө даярдоо иштери  жүргүзүлүүдө. Имараттын фасадында жылуулоо жана жасалгалоо иштери аткарылууда.

Көчмө жыйындын жыйынтыгында Бишкек мэри жооптуу кызматтарга ар бир объектте аткарылып жаткан иштердин сапатына жана темпине көзөмөлдү күчөтүүнү тапшырды. Ошондой эле жол инфратүзүмүн  өнүктүрүүгө гана эмес, ага чектеш аймактарды комплекстүү көрктөндүрүүгө өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.