Бакыт Төрөбаев “Төмөнкү-Чүй”көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушу менен таанышты

Коом Загрузка... 18 Июль 2026 14:56
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 18.07.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик чек арасындагы Камышановка айылынын жанында жайгашкан “Төмөнкү-Чүй”көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушунун жүрүшү менен жеринен таанышып, көчмө кеңешме өткөрдү.

Көчмө кеңешменин жүрүшүндө курулуш иштеринин учурдагы абалы, долбоорду ишке ашыруунун бекитилген планынын аткарылышы, объектти инженердик инфраструктура жана зарыл болгон коммуникациялар менен камсыздоо маселелери, ошондой эле мамлекеттик органдар менен подряддык уюмдардын өз ара аракеттенүүнү координациялоо маселелери каралды.

Бакыт Төрөбаев заманбап көзөмөл-өткөрүү пунктунун курулушун өз мөөнөтүндө бүткөрүү мамлекеттик чек аранын өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, жарандар жана жүк ташуучулар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү, ошондой эле Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиледи.

Көчмө кеңешменин жыйынтыгында жооптуу мамлекеттик органдарга жана подряддык уюмдарга курулуш-монтаж иштерин өз мөөнөтүндө аткарууну камсыз кылуу, объектти инженердик коммуникацияларга өз убагында кошуу жана уюштуруучулук маселелерди ыкчам чечүү боюнча тиешелүү тапшырмалар берилди.

Маалымдалгандай, кеңешменин ишине тиешелүү мамлекеттик органдардын, подряддык уюмдардын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү катышты.