Бакыт Төрөбаев “Манас” университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты

Коом 2 октябрь 2025 10:15
070b255a-223a-444f-a410-f6b390904a31.jpg
cb15bf54-1ed8-4fc9-a8f1-21ba23e2ec31 (1).jpg
b9a44cf5-309b-4bd3-a008-e0258cf101b2.jpg
b06e0588-8262-42bc-a484-2394a1bc3d3c.jpg
ade29aed-53be-481a-b23d-b3d416be9bd9.jpg
8223480f-2a77-4728-823e-aec3ab24d01d.jpg
50e96e65-8a0e-4ce0-94c8-e6f156b0eadb.jpg
19d49bd8-9380-41b1-9485-a35a23303a9f.jpg
8a8661ae-a540-4c8f-9763-4f532944bc7c.jpg
07e04adf-180e-4c7b-8ac2-858c14a31b16.jpg
3c95b92d-41e3-4127-b843-1a885c79729d.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Айыл чарба министрлиги

Бишкек, 02.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.

Төрөбаев окуу жайга агроөнөр жай комплекси үчүн адистерди жана кадрларды даярдоо боюнча университеттин ишмердүүлүгү менен жакындан таанышуу максатында барды.

Сапардын жүрүшүндө министр заманбап лабораториялар менен жабдылган инженердик факультет, табигый илимдер факультети, ветеринария факультети жана агрардык факультеттин ишин көрүп чыкты.

Бул жерден студенттер тамак-аш жана химиялык инженерия, биотехнология, ветеринария, өсүмдүк өстүрүү, биология, өсүмдүктөрдү коргоо жана айыл чарбасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн маанилүү болгон башка багыттар боюнча билим алышат.

Бакыт Төрөбаев окуу жайдын эмгек жамааты, студенттерге министрликтин негизги беш багыты боюнча маалымат берип, илим жана билим алмашуу агрардык секторду өнүктүрүүнүн негизги факторлорунун бири экендигин баса белгиледи.

Жыйынтыгында ал илимдеги жаңылыктарды практикалык тармакка киргизүүдө өз ара кызматташуунун маанилүүлүгүн белгиледи.