Бакыт Төрөбаев ири текстиль өндүрүшүнүн иши менен таанышты

Коом Жүктөлүүдө... 17 Июль 2026 17:55
6a59ecf69040c.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6a59ecf3a0218.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6a59ecf782df9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка
6a59ecf69040c.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6a59ecf3a0218.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
6a59ecf782df9.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

Бишкек, 17.07.26. /Кабар/. Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Бакыт Төрөбаев Дача-Суу айылында жайгашкан "Кыргыз Текстиль Хаб" өндүрүш комплексине барды.

Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүштүк инфраструктураны өнүктүрүү, материалдык-техникалык базаны жаңылоо жана ата мекендик текстиль продукциясынын экспорттук мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү маселелери каралды.

Ошондой эле инвестиция тартуу, заманбап технологияларды киргизүү, жаңы жумуш орундарын түзүү жана текстиль менен тигүү тармагынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган долбоорлорго өзгөчө көңүл бурулду.

"Кыргыз Текстиль Хабын" өнүктүрүү өлкөдөгү өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, экспортту арттырууга жана Кыргызстандын жеңил өнөр жайынын эл аралык рыноктогу позициясын бекемдөөгө өбөлгө түзөрү белгиленди.