Бакыт Төрөбаев Чүйдөгү таза суу менен камсыздоо иштерин көзөмөлдөдү

Коом Загрузка... 04 Июль 2025 15:36
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунда таза суу менен камсыздоо иштерин көзөмөлдөдү.

Ведомствонун маалыматына караганда, ал алгач Жайыл районунун Сосновка айылындагы ичүүчү суу менен камсыздоо системасын калыбына келтирүү долбоорунун ишке ашырылышы менен жеринен таанышты.

Долбоор 2022-жылдын март айында башталган. Анын алкагында 25 чакырымга жакын суу түтүгүн тартуу, 270тен ашык суу бөлүштүрүүчү жана басымды төмөндөтүүчү кудуктарды орнотуу, ошондой эле тротуар жабууну калыбына келтирүү иштери каралган. Мында 2025-жылдын 1-июлуна карата курулуш иштеринин 85 пайызы аткарылган.

Андан кийин Бакыт Төрөбаев Москва районунун Крупское айылындагы ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу долбоорунун жүрүшүн көзөмөлдөн өткөрдү.

Объекттин курулушу 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда.
Долбоордун алкагында 240 метр тереңдиктеги бир скважинаны бургулоо, 7,6 чакырым узундуктагы суу түтүгүн тартуу, 16 өрт гидрантын жана мотористтер үчүн имарат куруу каралган. Жаңы суу түтүгү 1 975 тургунду таза ичүүчү суу менен камсыз кылат.

Мындан тышкары, Төрөбаев Сокулук районунун Романовка айылындагы ичүүчү суу менен камсыздоо системасын куруу иштерин көрдү.

Бул долбоор да 2024-жылы башталып, республикалык бюджеттин каражатынан каржыланууда. Долбоордо иштеп жаткан 4 скважинаны калыбына келтирүү, 17,5 чакырым узундуктагы суу түтүгүн тартуу, суу өткөрүүчү арматураларды, суу өлчөгүчтөрдү, бактерициддик жабдууларды жана башка инженердик компоненттерди орнотуу каралган.
Объект 3 миңден ашык тургунду таза ичүүчү суу менен камсыздоого багытталган

"Элди таза ичүүчү суу менен камсыздоо — бул негизги максаттарыбыздын бири. Мындай долбоорлор аймактарды өнүктүрүүдө жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртууда өзгөчө мааниге ээ. Өкмөт суу менен камсыздоо маселелерин чечүү боюнча иштерди мындан ары да улантат", — деди Бакыт Төрөбаев.

Белгиленгендей, аталган долбоорлор суу менен камсыздоо жана инфратүзүмдү өнүктүрүү боюнча өкмөттүн артыкчылыктуу багыттарына ылайык, бекитилген график боюнча ишке ашырылууда.