Бакыт Төрөбаев: Быйыл кайра иштетүү тармагы тарыхый өсүшкө жетти

Экономика Загрузка... 20 Октябрь 2025 09:12
Снимок.PNG
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 20.10.25. /Кабар/. Айыл чарба продукциясын кайра иштетүү тармагы 2025-жылы тарыхый өсүшкө жетти. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев "Алтын күз" айыл чарба азыктарынын жарманкеси, "АгроТехЭкспо–2025" агроөнөр жай көргөзмөсү жана  Кыргызстандын агроөнөр жай комплексинин кызматкерлеринин күнү - кесиптик майрамына арналган иш-чарада билдирди

Анын айтымында, өнөр жай продукциясынын көлөмү 75 млрд сомго жетип, өткөн жылга салыштырмалуу 140,1 пайызга өстү.

9 айдын ичинде кайра иштетүү тармагында 31 ири ишкана, 4 соода логистикалык борбор, 68 кооператив, 7 МТС түзүлүп, 900дөн ашуун жаңы жумуш орундары түзүлдү, эл аралык сапат стандарттары 32 ишканада киргизилди. 

"Бул – жаңы ишканалардын курулушу, жабдуулардын модернизациясы жана экспорттук кубаттуулуктун артканын билдирет. Кыргызстандын мөмө-жемиштерин, жаңгак, фасоль жана балды кайра иштетүү боюнча ишканалар Евразия, Кытай, Япония жана Жакынкы Чыгыш рынокторуна экспортту кеңейтүүдө. 2025-жыл — тарыхый ийгилик-рекорддордун жылы болсо, 2026-жыл — инновациялардын, экспорттун жана туруктуу өсүүнүн жылы болсун!", -деп билдирди Бакыт Төрөбаев