Бакыт Сыдыков DPCC жыйынында Улуттук өнүктүрүү программасын тааныштырды

Экономика 20 июнь 2025 16:53
5380032161782033756.jpg
5379583324814703021.jpg
5379583324814703020.jpg
5379583324814703019.jpg
5379583324814703017.jpg
Алдыга
Артка
5380032161782033756.jpg
5379583324814703021.jpg
5379583324814703020.jpg
5379583324814703019.jpg
5379583324814703017.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 20.06.25./Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өнүктүрүү боюнча өнөктөштөрдүн координациялык кеңешинин (DPCC) жыйынына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйынга ошондой эле президенттин администрациясынын жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын алкагында министр Кыргыз Республикасынын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүктүрүү программасын сунуштап, анын негизги артыкчылыктарына, стратегиялык багыттарына жана күтүлгөн жыйынтыктарына кеңири токтолду.

Ал программа өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өсүшүнө, глобалдык процесстерге интеграцияга жана туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө умтулуусун чагылдырарын баса белгиледи.

Министр министрлер кабинетинин иш-чаралар планына өзгөчө көңүл бурду. Бул план программанын ар бир багыты боюнча конкреттүү кадамдарды жана күтүлгөн натыйжаларды камтыйт.

Бакыт Сыдыков өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөрдү өз демилгелерин жана долбоорлорун сунуштоого чакырып, аларды иш-чаралар планына киргизүү мүмкүнчүлүгүн белгиледи.

Эл аралык жана донордук уюмдардын өкүлдөрү Улуттук өнүктүрүү программасынын мазмунун жогору баалап, анын комплекстүүлүгүн, реалисттигин жана эл аралык артыкчылыктарга шайкештигин белгилешти.

Талкуунун жүрүшүндө Кыргызстанга программанын ишке ашырылышында колдоо көрсөтүүгө жана мындан аркы кызматташууга даяр экендиктери айтылды.