Бишкек, 30.09.25. /Кабар/. Кыргызстан шайлоонун цивилизациялык тепкичинен өтүп жатат. Мындай пикирин “Кабар” маалымат агенттигине бүгүн саясат таануучу Бакыт Бакетаев билдирди.
Анын айтымында, бул жолу шайлоо тилкелеринде мыйзам бузууларга жол берилбейт. Баардык процесстер санариптештирилген, видеокамералар орнотулган. Бюллетендерди адегенде электрондук жабдуулар эсептеп, андан кийин кошумча түрдө кол менен да эсептөө жүргүзүлөт. Мындай ыкма дүйнө жүзүндө сейрек колдонулат.
“Инклюзивдүүлүк – бул коомдо жашаган бардык топтордун укугун жана кызыкчылыгын камсыз кылуу деген түшүнүк.
Ар кандай коомдо ар түрдүү социалдык топтор жашайт.
Мисалы, мурда аялдар шайлоого катышмак турсун, добуш да бере алышчу эмес.
Бирок убакыттын өтүшү менен көптөгөн өлкөлөрдө аялдарга добуш берүү укугу берилип, бара-бара өздөрү да шайлоого талапкер катары катыша башташты. Бул – чыныгы тарыхый өзгөрүү, цивилизациялык тепкич деп айтсак болот.
Биздин өлкөдө да акыркы жылдары бир катар маанилүү кадамдар жасалууда.
Маселен, аялдарга ар бир шайлоо округунан бир орун бөлүп берүү чечими кабыл алынды. Бул дагы бир чоң цивилизациялык кадам.
Кыргыз эли “Бейиш эненин таманынын астында” деп бекеринен айткан эмес – аялзаты ыйык.
Мындай чечим үчүн мамлекет башчыга жана Жогорку Кеңештин жетинчи чакырылыштагы депутаттарына терең ыраазычылык билдирүүгө болот.
Экинчи маанилүү чечим – аралыктан добуш берүү укугунун киргизилиши. Бул өзгөчө механизм азырынча биздин мамлекетте гана бар десек болот. Мисалы, менин катталган жерим Талас облусунда, бирок шайлоо күнү Бишкекте болуп калсам, Бишкектен туруп эле добуш бере алам. Бул – жарандар үчүн чоң жеңилдик жана мамлекет тарабынан берилген саясий укук.
Мындан тышкары, азыр ар бир шайлоо округунан үчтөн депутат шайланууда. Мурункудай бир округдан бир да депутат чыкпай калган учурлар эми болбойт. Бул да шайлоонун тең салмактуулугун камсыздайт.
Ал эми мыйзам бузуулар боюнча айтсак, азыр шайлоолор абдан тыкыр көзөмөлдөнөт. Мыйзам бузгандарга карата катуу чаралар көрүлөт.
Мисалы, буга чейин Дамира Ниязалиева жана башка жооптуу адамдар мыйзам бузганы үчүн тиешелүү жазага тартылган. Мындан ары да мыйзам бузгандарга карата эч кандай кечирим болбойт. Азыр шайлоо участкаларында байкоочулардын муктаждыгы деле азыраак.
Бирок үгүт иштеринин жүрүшү кылдат көзөмөлдө болушу керек. Анткени, үгүт маалында добуш сатып алуу сыяктуу мыйзамсыз аракеттер болушу мүмкүн.
Ошондуктан бизге чыныгы татыктуу эл өкүлдөрү керек. Эл кимди тандаса, ошолор шайланат. Ошондуктан ар бир жаран өз добушун ак ниет, жоопкерчиликтүү жана келечекти ойлоп берүү зарыл”,-деди ал.