Бакунун күндүзгү жана түнкү эки башка сулуулугу – сүрөт баян

Коом 21 июль 2026 18:15
Бакунун күндүзгү жана түнкү эки башка сулуулугу – сүрөт баян
copyright icon Кабар
Кабар

Бакуга биринчи жолу барганда, бул шаар сени чындап таң калтырат. Бул жер – байыркы Чыгыш менен заманбап дүйнө кездешкен, көп кылымдык тарых менен келечек бири-бирине төп келип, айкалышып турган жай.

Баку – карама-каршылыктарга бай шаар. ЮНЕСКОнун бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген "Ичеришехер" (Эски шаар) чебинин байыркы дубалдары менен заманбап заңгыраган имараттар чектешип турат. Ал эми таш төшөлгөн тар көчөлөрү заматта жазы проспектилерге жана кенен сейил бактарга уланып кетет.

Белгилүү "Бриллиант кол" тасмасындагы атактуу эпизод дал ушул жерде тартылган.

Күндүзү Азербайжандын борбору өзүнүн кооз архитектурасы, тазалыгы жана тыгыздыгы менен суктандырат. Шаар жашылдандырылып, гүлгө бөлөнгөн. Көчө бойлой карагайлар, пальмалар, кипарис жыгачтары өсүп, гүлдөгөн олеандр өсүмдүгү Бакуга өзгөчө маанай тартуулайт. Бул жерде ар бир даракка, ар бир сейил бакка жана гүлзарларга өзгөчө камкордук менен мамиле кылышары дароо байкалат.

Ал эми кеч киргенде Баку таптакыр башкача көрккө бөлөнүп, жаркыраган чырактардын деңизине айланат.

Шаардын башкы символу болгон атактуу "Жалын мунаралары" (Flame Towers) миңдеген чырактары менен түн ичинде кубулуп, укмуштуудай жарык шоусун тартуулайт.

Эски шаар кечинде өзгөчө бир маанайга бөлөнөт: ыңгайлуу короолор, байыркы таш үйлөр, чыгыш стилиндеги кафелер, көчө музыканттары жана байыркы көчөлөрдөгү жай сейилдөөлөр Азербайжан борборунун кайталангыс колоритин сездирбей койбойт.

Шаардын дагы бир өзгөчө көркү – Каспий деңизи.

Бакунун ичинде жергиликтүү тургундар дээрлик сууга түшүшпөйт – буга экологиялык абалы, көп жылдык мунай казуунун кесепеттери жана суу астындагы агымдар тоскоол болот. Сүзүп, эс алуу үчүн бакулуктар көбүнчө шаар четиндеги жана Абшерон жарым аралындагы таза, коопсуз пляждарга барышат.

Бирок жээк бойлой бир топ чакырымга созулган атактуу Приморский бульварында сейилдөө эң сонун таасирлердин бирине айланат. Бул жерде Бакунун заманбап, меймандос жана кайнаган жашоосу өзгөчө сезилет.

Мен үчүн Баку – байыркы тарых менен заманбап технологиялар таң калыштуу шайкештикте жашаган, ар бир бурчу, ар бир пейзажы жана ар бир кадры өзүнүн кайталангыс тарыхын баяндаган өтө кооз, өзгөчө, сулуу шаар катары ачылды.