Бакуда ТМУнун өнөр жай, илим жана инновация боюнча пландары бекитилди

Саясат Загрузка... 27 Октябрь 2025 15:00
2-3.jpg
copyright icon Экономика жана коммерция министрлиги

Бишкек, 27.10.25. /Кабар/. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Азербайжандын Баку шаарында өткөн Түрк мамлекетткр уюмунун өнөр жай, илим, технологиялар жана инновациялар боюнча министрлеринин 2-жыйынына катышты.

Ведомстводон маалымдашкандай, жыйында министр уюмдун өсүп бараткан ролун белгилеп, бүгүнкү күндө ТМУнун ишмердүүлүгү кызматташуунун дээрлик бардык тармактарын камтып жатканын айтты. Айрыкча, өнөр жай, илим, технологиялар жана инновациялар боюнча министрлер жыйынына өзгөчө көңүл бурулуп, анын чечимдери практикалык экономикалык кызматташуунун негизги багыттарын аныктап берери баса белгиленди.

Иш-чаранын жыйынтыгында коммюнике жана ТМУнун 2025-2026-жылдарга карата өнөр жай, илим, технологиялар жана инновациялар тармактарында кызматташуу боюнча жаңыланган иш-аракеттер планына кол коюлду.

Документте төмөндөгүдөй артыкчылыктуу багыттар камтылды:

  • илимий-изилдөөлөр жана иштеп чыгуулар (R&D);
  • жасалма интеллект жана өнөр жай өндүрүшүндө санариптик трансформация;
  • инновациялык экосистема жана ишкердик;
  • метрология;
  • стандартташтыруу жана шайкештикти баалоо;
  • продукциялардын коопсуздугу;
  • өнөр жай;
  • интеллектуалдык менчик.