Бакуда Кыргызстандын Соода үйү ачылды

Экономика 713 27 Январь 2026 18:02
618879865_1302823345197354_5284328092805788712_n.jpg
619391487_1302823348530687_4904500242124635107_n (1).jpg
619391487_1302823348530687_4904500242124635107_n.jpg
621810839_1302823338530688_2232295399677661035_n.jpg
622380550_1302823351864020_7585115453160477429_n.jpg
622905392_1302823341864021_7976483740567974101_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Соода-өнөр жай палатасы

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Азербайжандын Баку шаарында кыргыз өндүрүүчүлөрүнүн товарлары сунуштала турган Соода үйү иштей баштады. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынан билдиришти.

Долбоор азербайжандык ишкер тарабынан Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинин, ошондой эле эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палаталарынын колдоосу менен ишке ашырылды.

Бүгүн ачылыштын алкагында "Nomads Tradition" жана "OKUKLU HOLDING" ЖЧКларынын ортосунда кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду.

Кол коюу аземине Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Максат Мамытканов катышты.