Бишкек, 25.03.26 /Кабар/. Баку шаарында Азербайжандын башкы көрүнүктүү жери болгон "Кыз мунарасынын" жанында кыргыз элинин маданиятын жана каада-салттарын чагылдырган көргөзмө уюштурулду.
Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, көргөзмө Кыргызстандын Азербайжандагы элчилиги тарабынан уюштурулган.
Иш-чарага жергиликтүү бийлик органдарынын өкүлдөрү, түрк өлкөлөрүнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн башчылары, ошондой эле жергиликтүү тургундар жана коноктор катышты.
Көргөзмөнүн негизги элементи катары ички жасалгасы менен кыргыз боз үйү орнотулду. Конокторго кыргыз улуттук ашканасы, улуттук оюндары жана кыргыз баатырларынын жоокердик кийимдеринин элементтери көрсөтүлдү. Кыргыз музыкалык чыгармаларынын аткарылышы менен чакан маданий программа тартууланды.
Көргөзмөнүн алкагында Кыргызстандын туризм тармагындагы потенциалы жана экспорттук продукциясы дагы презентацияланды.
Иш-чара катышуучулардын кызыгуусун жаратып, аларга кыргыз элинин маданий мурастары, ошондой эле Кыргызстандын туристтик жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга мүмкүндүк берди.
Көргөзмө 2026-жылдын 2-апрелине чейин уланат.