Бишкек 27.06.25 /Кабар/. “Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо коомдук фонду” Азербайжандын борбору Баку шаарында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган жаңы китептин бет ачарын өткөрүүнү пландоодо.
Макелек Кармыштегиндин авторлугунун негизинде “Чыңгыздын акылмандыгы” аттуу басылма жогоруда аталган фонддун колдоосу менен Бишкекте жарык көрдү. Китепте автор Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, философиясы жана чыгармачылык мурасы тууралуу ой толгоолорун камтыган публицистикалык материалдардын жыйындысы болуп, мезгилдүү басылмаларда жылдар бою жарык көргөн.
Басылмада Айтматов өз чыгармаларында чеберчилик менен колдонгон кыргыз оозеки элдик адабиятынын мотивдерин талдоого өзгөчө көңүл бурулган. Автор окурмандарга жазуучунун чыгармачылыгында козголгон негизги каармандар жана темалар, анын ичинде адабиятчылар тарабынан мурда изилденбеген ыкмалар жөнүндө оригиналдуу түшүнүктөрдү сунуштайт.
Китепте жазуучунун жакындарынын эскерүүлөрү да камтылган. Тактап айтканда, Чыңгыз Айтматовдун бир тууганы Ильгиз Айтматовдун макаласында 2008-жылдын февраль-март айларында Бакуда болгон маанилүү окуя айтылат. Ошол учурда Айтматов Азербайжан Республикасына барып, президент Илхам Алиев менен жолугуп, ага “Достлуг” орденин тапшырган. Бул сапар фонд тарабынан уюштурулган жазуучунун 80 жылдык мааракесине даярдык көрүүнүн алкагында болду.
Бул сапарды жазуучунун эжеси Роза Айтматова өзүнүн макаласында терең урматтоо менен эскерет:
"Бүткүл түрк тилдүү дүйнө анын 80 жылдык юбилейине кызуу даярдык көрүп жаткан, бирок бул майрамды биринчилерден болуп боордош Азербайжандын коомчулугу баштаган. Алардын көңүлүн буруп, сапар тууралуу айтылып, видеотасмалары көрсөтүлдү. Айтматов фондго жана азербайжан элине жылуу кабыл алганы үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди",-деген.
Басылма Айтматов таануучуларга, филологдорго, студенттерге, мектеп окуучуларына, ошондой эле адабиятка жана тарыхка кызыккан окурмандардын кеңири катмарына арналган.
Китепти кыргыз тилинен орус тилине Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү Темирбек Токтогазиев которгон. Бул Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо фонду тарабынан чыгарылган 165-китеп.
Фонд калыптанып калган салт боюнча басылманы бекер таркатууну пландап жатат жана Бакудагы бет ачары Кыргыз Республикасынын Азербайжандагы элчиси Максат Мамыткановдун катышуусунда өтөт.