Бишкек, 29.09.25 /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Сирия жана Ирактан балдарды репатриациялоо маселеси боюнча аймактык конференцияга катышты.
Репатриация маселелери, психосоциалдык колдоо көрсөтүү, балдардын билим алуусун камсыздоо жана башка жардамдарды көрсөтүү боюнча тажрыйба алмашуу үчүн Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстандын делегациялары, ошондой эле Евробиримдиктин, АКШнын өкүлдөрү жана балдарды коргоо боюнча эл аралык эксперттер катышты.
Делегаттар реинтеграция программаларынын натыйжалуулугун камсыз кылуу жана келечектеги репатриацияга даярдык көрүү үчүн кызматташууну улантуу зарылдыгын баса белгилешти.
Борбор Азия өлкөлөрү балдарды мекенине кайтаруу жана реинтеграциялоо аракеттеринде ишенимдүү лидерлик көрсөтүштү. 2019-жылдан бери 1,6 миңден ашуун бала Борбор Азияга кайтарылды. Алардын көбү жаңжал болгон аймактарда төрөлүп-өсүп, жашоодо ар кандай олуттуу кыйынчылыктарга дуушар болушкан. ЮНИСЕФ улуттук өкмөттөр менен өнөктөштүктө, Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациялоосу, ошондой эле Европа биримдигинин жана АКШ өкмөтүнүн колдоосу менен психосоциалдык колдоого, билим берүүгө, саламаттыкты сактоого жана социалдык кызматтарга жеткиликтүүлүктү уюштурууга жардам берет.
2021-жылы президент Садыр Жапаров Ирак жана Сирия лагерлеринде жүргөн жарандарды тарыхый мекенине кайтаруу чечимин кабыл алган.
Бактыбек Бекболотов бул репатриация боюнча бүтүндөй кампаниянын башталышына түрткү болгонун белгиледи. Ошентип, 2021-жылдын мартында Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы менен "Мээрим" деп аталган биринчи миссия ишке ашырылган. Анда Кыргызстандын жарандары болгон 81 бала Ирактан кайтарылган.
2022-жылдан 2024-жылга чейин "Айкөл" операциясынын алты этабынын алкагында Сириядагы лагерлерден Кыргызстанга 460 адам (145 аял жана 315 бала) кайтарылган, кошумча Сирия жана Түркиядан 2024-2025-жылдары дагы 10 аял жана балдар кайтарылган. Жалпысынан 551 адам репатриацияланган.
Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов сөзүнүн аягында согуштук жаңжалдар болгон аймактардан жарандарды кайтаруу биринчи кезекте гуманитардык миссия экенин, ал мекенинен алыста калган миңдеген жарандарыбыздын өмүрүн сактап калууга багытталганын баса белгиледи. Бул миссия миңдеген балдарга жакындарынын жана туугандарынын курчоосунда толук кандуу жана кадимкидей жашоо баштоого мүмкүнчүлүк берүүгө багытталган.