Бекболотов Пекинде ШКУнун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Коом Загрузка... 25 Июнь 2025 18:28
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous

Бишкек, 25.06.25. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Шанхай кызматташтык уюмунун Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын Кытайдын Пекин шаарында өткөн юбилейлик жыйырманчы жолугушуусуна катышты.

Иш-чара башталар алдында делегация башчыларын КЭРдин төрагасынын орун басары Хань Чжэн кабыл алды.

Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө ШКУ аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук темасына токтолуп, аягына чыкпаган согуштардын жана саясий кризистердин айланасында терроризм жана экстремизмден тышкары, курал-жарактарды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү, баңгизаттарды сатуу жана трансулуттук уюшкан кылмыштуулуктун ишмердүүлүгү дагы деле коркунуч туудуруп жатканын белгиледи. Коопсуздук чакырыктарынын катарына өзгөчө жаштарга күчтүү таасир эткен радикалдык идеологиялык көз караштардын жана концепциялардын кеңири жайылышы, ошондой эле терроризмди жана экстремизмди пропагандалоо үчүн интернетти колдонуу да кирет.

Өз кезегинде ШКУ аянтчасы бардык карама-каршылыктарды чечүү үчүн универсалдуу жай болуп саналат. Коопсуздук жаатында жагымдуу шарттарды түзүү бирдиктүү геоэкономикалык мейкиндиктин архитектурасын түзүү үчүн бекем негиз жаратат. Туруктуулуктун негизги элементи болуп саясий диалогду чыңдоо жана өз ара урматтоо принциптеринин негизинде ар кандай деңгээлдеги өз ара аракеттенүүнү күчөтүү саналат.

ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 20-жыйынынын жыйынтыгы боюнча протоколго кол коюлду.

Белгилей кетсек, ШКУга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жыйыны 2026-жылы Кыргызстанда өтөт.