Бекболотов КМШга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын жолугушуусуна катышты

Коом Загрузка... 05 Ноябрь 2025 23:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 05.11.25 /Кабар/. Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов КМШга мүчө мамлекеттердин Коопсуздук кеңештеринин катчыларынын кезектеги он үчүнчү жолугушуусуна катышты.

Бактыбек Бекболотов өз сөзүндө дүйнөдөгү окуялардын азыркы динамикасы коопсуздук, коргонуу жана коомдук туруктуулук жаатындагы улуттук концепцияларды жана стратегиялык пландоо элементтерин тынымсыз кайра карап чыгууга мажбурлап жатканын белгиледи.

Ал белгилегендей, КМШ мейкиндигиндеги коопсуздук системасы нагыз аскердик мүнөздөгү коркунучтарга гана жооп кайтаруудан ар тараптуу таасирлерге каршы туруу чараларын иштеп чыгуу багытында өзгөрүүдө. Бул, анын ичинде санариптик көз карандысыздык маселелеринде, энергетика жана гуманитардык тармактарда, биологиялык коопсуздук жаатында, ошондой эле терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө да чагылдырылат. Негизги коркунучтар катары мыйзамсыз миграция, баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшү жана уюшкан трансчек аралык кылмыштуулук да белгиленди.

Коопсуздук кеңешинин катчысы ошондой эле бүгүнкү күндө КМШ өлкөлөрү коопсуздукту камсыз кылууда практикалык кызматташтыкты чыңдоого кызыкдар экенин белгиледи. Ал эми Шериктештиктин кадыр-баркын мындан ары да жогорулатуу максатында бүткүл Уюмду аймактык жамааттык дипломатиянын жана алдын алуу коопсуздугунун механизми катары көрсөтүү маанилүү.

“КМШ аймактагы туруктуулукту камсыз кылууда маанилүү ролду ойноону улантууда, ошондой эле мамлекеттер аралык пикир алмашуу жана өз ара алгылыктуу чечимдерди табуу боюнча абдан маанилүү функцияны сактап калууда”, - деп жыйынтыктады Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов.

Жолугушуунун алдында делегациялар белгисиз жоокердин эстелигине гүлчамбар коюшту.