Бактыбек Бекболотов Индиянын Улуттук коргоо колледжинин делегациясы менен жолукту — Кабар

Бактыбек Бекболотов Индиянын Улуттук коргоо колледжинин делегациясы менен жолукту

Саясат 2 сентябрь 2025 17:56
541395978_1327327269401904_3111605244147202119_n.jpg
540761930_1327327289401902_7756290345289823133_n.jpg
542078634_1327327246068573_3066627228794054347_n.jpg
Алдыга
Артка
541395978_1327327269401904_3111605244147202119_n.jpg
540761930_1327327289401902_7756290345289823133_n.jpg
542078634_1327327246068573_3066627228794054347_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Президенттин администрациясынын басма сөз кызматы

Бишкек, 02.09.25. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов бүгүн, 2-сентябрда Индиянын Улуттук коргоо колледжинин делегациясынын башчысы, генерал-майор Аджай Кумар Сингх менен Бишкек шаарында жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда кыргыз-индия эки тараптуу кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги, эл аралык өз ара аракеттенүү маселелери, ошондой эле актуалдуу чакырыктардын жана коркунучтардын таасирин эске алуу менен аймактык коопсуздукту камсыз кылуу маселелери талкууланды.