Бактыбек Бекболотов АКШнын элчиси Лесли Вигери менен жолугушту

Коом Загрузка... 08 Август 2025 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов Америка Кошмо Штаттарынын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык маселелери, ошондой эле аймактык коопсуздук маселелери, терроризм, экстремизм жана баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү коркунучтары талкууланды.

Мындан тышкары, АКШнын жаңы миграциялык саясаты темасы өзүнчө козголду.

Жолугушуунун соңунда Коопсуздук кеңешинин катчысы Бактыбек Бекболотов жана АКШнын Кыргызстандагы элчиси Лесли Вигери кыргыз-америка мамилелеринин эки өлкөнүн жыргалчылыгы үчүн мындан ары дагы оң багытта өнүгөрүнө ишеним билдиришти.