Бакетаев: Конокторду татыктуу тосуп алуу — ар бир жарандын жоопкерчилиги

Пикир 173 18 Август 2026 13:10
5337176875027075519.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon KABAR Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 18.08.26. /Кабар/. Кыргызстандыктардын 90 пайызы Шанхай кызматташтык уюмунун саммити жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары биздин өлкөдө өтүп жатканына абдан кубанып жатышат. Бул тууралуу саясат таануучу Бакыт Бакетаев "Кабар" агенттигине билдирди.

Анын айтымында, интернетте терс пикирлерди жазып жаткандар – тарбиясы жок адамдар. Ал буга мисал катары кыргыз элинин меймандостук салтын келтирди. Анын белгилешинче, кыргыздын үйүнө конок келсе, үйдү иретке келтирип, коноктун жайлуулугу үчүн бардык шарттарды түзүүгө аракет кылынат. Коноктордун алдында адептүүлүктү жана маданияттуулукту көрсөтүп, аларды татыктуу тосуп алуу керек.

1038819894_0_0_3551_2232_1920x0_80_0_0_f2a14bb.width-800
"Бул – кыргыз элинин салты. Конок келер алдында короону шыпырып, баарын иретке келтирип, конокторду жакшы тосуп алабыз. Ар бир адамдын өзүнүн намысы жана сыймыгы бар. Мындай масштабдуу иш-чаралар ар бир кыргыздын сыймыгы. Кыргызстанга көптөгөн өлкөлөрдөн коноктор келишет. Келгиле, аларды татыктуу тосуп алалы. Кыргыздын намысы жана желбиреген туубуз үчүн турушубуз керек. Коноктор кеткенге чейин чыдап, күтө турганыбыз туура болот. Биз биригип, бул иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүшүбүз зарыл. Бул президенттин же мамлекеттин гана эмес, Кыргызстандын ар бир жаранынын жоопкерчилиги. Өз намысыбызга бекем туралы, анткени Кыргызстан бүткүл дүйнөгө таанылып жатат", – деди ал.