Байыйм десең төө куш бак. Койго караганда жем-чөптү аз жеп, эки эсе көп эт берет

Аймак Загрузка... 27 Январь 2026 09:20
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар Кабар

Бишкек, 27.01.26. /Кабар/. Бир жылдан бери төө куш багуу менен алектенген Ысык-Көл облусунун тургуну Сүйүнбек Бактияров бул багытта ишкердик кылууда максаттары көп экендигин “Кабар” маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында, төө куш койго караганда жем-чөптү аз жеп, этти 2 эсеге көп берет.

“Төө кушка жүгөрү, арпа, улпак аралаштырып күнүгө эки маал беребиз. Жемден башка чөп, кошумча азык катары жашылчалардан капуста, сабиз берилет. Негизи 70-80 жашка чейин жашашса, азыр булар 8 жашта. Чыдамкай келишип, + 60 градус ысыкта, - 40 градус суукта эшикте тура беришет. Төө куштун бир даана жумурткасы 1,5 - 2,5 кг салмагында болуп, тооктун 30 даана жумурткасына барабар. Биздеги жумурткалар көбүнчө 1,5 кг тегерегинде болууда”,- дейт ал.

Төө куш багып ишкердик кылууда негизинен жумуртка, эт алууга басым жасаларын Сүйүнбек Бактияров өз сөзүндө белгиледи.

“Жөжө чыга турган жумурткалар 5-8 миң сомго же 100 долларга чейин сатылат. Ал эми жөжө чыкпаган 3 жашка чейин төө куштардын жумурткалары 2-3 миң сом турат. Даамы кадимки жумурткадан бир аз өзгөчөлөнөт. Мисалы, бир жумурткасына 5 адам кенен тоет. Куштар башка жандыктардай болуп күптүү болгуча жешпейт, берген азыктарды бөлүп-бөлүп жешет экен. Күнүнө 3 см өскөн бул жандыктын 1 жаштагы жөжөсү туруктуу түрдө 60 кг эт берет. Бул эки койдун эти деген сөз. Бир кой бир айда жеген жем-чөптү, төө куштар 3 айга чейин жеткирип жейт. Ал эми чоң төө куштар 90 – 100 кг чейин эт берет”, - деди Бактияров.

Ал ошондой эле бул куштун этинин өнөкөт оорулары барларга, кант диабети менен жабыркагандарга жана кан басымы жогору жарандарга дарылык касиети чоң экендигин маалымдады.

“Эт менен жумурткадан тышкары, канаттары кыздардын улуттук баш кийимине үкү катары да колдонулат. Ошондуктан азыр жөжөлөрүн сурагандар көп, алардын баасы 12 миң сомдон башталат. Мисалы, жумурткадан жөжө чыккандан кийин бир аптадан кийин сата баштаса болот. Күнүмдүк карап-баккан адамдарды таанып калганы менен жумурткасын кызганат. Жумурткасы катуу болот, жерге катуу тийип калып эле сынбаса, оңой менен сынбайт”,- дейт айыл тургуну.

Бактияров төө куштар тууралуу кызыктуу фактыларга токтолуп, бул куш саатына 70-80 км аралыкты чуркап, анча-мынча унааларды артка таштай турганын кошумчалады.