Байтик айылында таза суу түтүгү тартылып, жаңы трансформатор орнотулду

Коом Загрузка... 15 Июль 2026 15:50
WhatsApp_Image_2026-02-09_at_18.04.35.width-800.jpg
copyright icon Кабар Жээнбек Сагыналиев

Бишкек, 15.07.26. /Кабар/. Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында жаңы, заманбап таза суу тутумун куруу боюнча масштабдуу иштер кызуу жүрүп жатат.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор жергиликтүү калкты бардык заманбап санитардык-эпидемиологиялык стандарттарга жооп берген сапаттуу таза суу менен толук жана үзгүлтүксүз камсыздоого багытталган.

Долбоорду ишке ашыруунун азыркы этабында төмөнкү негизги иштер ийгиликтүү аткарылды:

  1. Жалпы узундугу 7 000 метрди түзгөн ички суу түтүктөрүнүн тутумун (түтүктөрдүн диаметри 110 мм) тартуу иштери толугу менен аяктады.
  2. Суу менен камсыздоо тутумун туруктуу тейлөө жана жөнгө салуу үчүн зарыл болгон жалпы көлөмү 11 куб метрди түзгөн бышык темир-бетон кудуктар орнотулду.
  3. Насостук жабдууларды үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кыла турган кубаттуулугу 160 кВт болгон жаңы трансформатордук көмөкчордон монтаждалып, пайдаланууга берилди.
  4. Жол төшөмдөрүнүн жана башка инженердик тоскоолдуктардын астынан суу түтүктөрүн коопсуз өткөрүү үчүн узундугу 30,4 метрди түзгөн атайын болот түтүк-футлярлар орнотулду.