Бишкек 21.07.25 /Кабар/. Монголияда жашаган кыргыздар үчүн мектеп курулат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан менен аталган өлкөнүн ортосунда эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жаткан учурда айтылганын билдирди.
Анда Байсалов бул мамлекеттик сапардын маанилүүлүгүн белгилеп жатып, “эки элдин ортосунда миңдеген жылдардан бери тамырлашып келе жаткан бир туугандык мамиле бар. Бул сөз бүгүн да кайра-кайра айтылып жатат. Бирок, биздин милдетибиз - ошол улуу тарыхый мурастын жоопкерчилиги болгон карым-катнашты жигердүү улантып кетүү. Андыктан, алдыга көптөгөн пландар коюлуп жатат.
Монголияда 15-20 миңдей кыргыз жашайт экен. Аларга көңүл бурулбай казак деп жазылып, казак мектептеринде билим алышат экен. Ошентсе да, тилдерин сактап, өздүгүн унутпай, өзүлөрүн ар дайым кыргызбыз деп аташат экен. Мындан улам эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн алкагында ошол азчылык үчүн монгол президенти макулдугун берип, биздин президент демилге көтөрүп мектеп курулмай болду. Бул биз үчүн жана нечендеген жылдар бою Монголияда жашаса дагы өзүн кыргыз деп эсептеген жарандарыбыз үчүн абдан кубанычтуу кабар болду”-деди төрага орун басары Байсалов.
Белгилей кетсек, күн мурун Монголия президенти Ухнаагийн Хурэлсух Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келген. Бүгүн президенттер арасында сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, ондон ашык документтерге кол коюлду.