Байсалбек Орозали уулу Сурдлимпиада оюндарынан коло медаль менен кайтты

Спорт 21 Ноябрь 2025 10:00
584789017_859156999790852_1126631031270590363_n.jpg
584160261_859157039790848_2763489792406776022_n.jpg
584926576_859157146457504_4349235310079951521_n.jpg
585890429_859157129790839_3174114084304380222_n.jpg
586351232_859157049790847_8048717614018758291_n.jpg
586427923_859157196457499_7496830503130914736_n.jpg
586525326_859157089790843_5402864364657620239_n.jpg
586549543_859157099790842_4639727976258127449_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.11.25. /Кабар/. Күн мурун Япониянын Токио шаарында өтүп жаткан XXV Жайкы сурдлимпиада оюндарына катышкан Кыргызстандын сурдо дзюдо боюнча улуттук курама командасы кайтып келди. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Спортчуларды "Манас" эл аралык аэропортунан Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Канатбек Молдалиев, Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын орун басары Каныбек Думанаев, Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын өкүлдөрү жана спортчулардын үй-бүлөлөрү тосуп алды.

Команда мүчөсү Байсалбек Орозали уулу аталган оюндарда коло медаль уткан. Ал алгач эки атаандашын - Венесуэла жана Япониянын спортсмендерин жеңип, жарым финалда бразилиялык спортчуга утулуп калган.

Коло медаль үчүн таймашта Байсалбек Орозали уулу ирандык спортсменди таза "иппон" ыкмасы менен жеңип, үчүнчү орунду камсыздады.