Ташкент, 30.09.25. /Кабар/. Анжиян облусуна China State Railway Group Co., Ltd компаниясынын башкы директорунун орун басары Ван Лисин баштаган делегация келди.
Облус акимчилигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, сапардын жүрүшүндө логистикалык борбордун долбоору көрсөтүлүп, ага бөлүнгөн жер тилкесинде жасала турган иштер талкууланды.
Коргон-Төбө жана Кожо-Абад райондорунун аймагында наркы 500 миллион доллар болгон темир жана авто жол долбоору ишке ашырылат.
Маршрут Лхасадан (Кытай Эл Республикасынын Тибет автоном районунан) башталып, Синьцзян-Уйгур автоном району аркылуу өтүп, андан ары Анжиян, Ташкент жана Жизактан өтүп, Самаркандда соңуна чыгат.
Серепчилердин баамында, бул биргелешкен долбоордун ишке ашырылышы аймактар аралык байланышты бекемдөөгө, Борбор Азия өлкөлөрүнүн транспорттук жолдорун ар тараптуу өнүктүрүүгө жана аймакты эл аралык транзиттик борбор катары атаандаштыкка жөндөмдүү кылууга багытталган.