Байге 70 миң доллар . "Барс" футбол клубу Кыргызстандын чемпиону болду

Спорт Загрузка... 10 Ноябрь 2025 12:30
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кыргыз футбол биримдиги

Бишкек, 10.11.25. /Кабар/. 8-ноябрда өлкөнүн башкы чемпионаты 2025-жылкы Премьер-лиганын жыйынтыктоочу - 26-турунун борбордук беттештери өттү. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Аталган турдун алкагында чемпиондуктун тагдырын чечкен "Барс" (Каракол шаары) - "Талант" (Беш-Күңгөй айылы) беттеши Караколдун "Ынтымак Арена" стадионунда өттү.

Чемпионаттын 2025-жылкы дебютанты болгон "Барс" аталган беттеште 2-1 эсебиндеги жеңишке жетти. Ошентип, клуб 61 упайга ээ болуп, турнирдик жадыбалдын лидери, 2025-жылкы Премьер-лиганын женүүчүсү - Кыргызстандын чемпиону болду.

Чемпион катары караколдук клубка Кыргыз футбол биримдиги тарабынан 70 миң доллар өлчөмүндөгү байге берилди.

Аталган тур алкагында "Мурас Юнайтед" (Манас ш.) - "Алга" (Бишкек ш.) беттеши Манастын "Курманбек" стадионунда өттү. 2025-жылкы Чемпионаттын бирден бир лидери болгон "Мурас Юнайтед" аталган беттеште 1-0 эсебиндеги жеңишке жетти. Ошентип, клуб капчыгындагы 60 ээ болуп, биринчи орундан бир гана упай кемчилиги менен турнирдик жадыбалдын экинчи орунуна жайгашып, Премьер-лиганын күмүш медалдарына ээ болду.

Күмүш байгенин ээси катары клубка 50 миң доллар өлчөмүндөгү байге берилди.

Жыйынтыктоочу тур алкагында "Илбирс" (Бишкек ш.) - "Абдыш-Ата" (Кант ш.) беттеши КФБнын Улуттук академиясынын оюн талаасында болду. Чемпионаттын коло байгесине болгон талапкер жана 2024-жылкы өлкө чемпиону "Абдыш-Ата" аталган беттеши 2-2 эсебиндеги тең чыгуу менен аяктады. Ошентип, клуб капчыгындагы 54 упай менен турнирдик жадыбалдын үчүнчү орунунда жайгашып, Премьер-лиганын коло медалдарына ээ болду.

Коло байгенин ээси катары канттык клубка 30 миң доллар өлчөмүндөгү байге берилди.

Белгилесек, быйылкы жылы 14 клубдун катышуусунда орун алган чемпионаттын жыйнтыгы акыркы турга чейин созулуп, өзгөчө көрккө ээ болду.

2025-жылкы Премьер-лиганын жыйынтыгы:

1-орун - "Барс" ФК, 61 упай (Каракол ш.);

2-орун - "Мурас Юнайтед" ФК, 60 упай (Манас ш.);

3 орун - "Абдыш-Ата" ФК, 54 упай (Кант ш.).