Байгазы Кенжебаев Биатлон федерациясынын президенти болду

Спорт 21 Апрель 2025 17:03
491438402_18353993776196946_3288644580728184959_n.jpg
491415319_18353993767196946_5467060204442594657_n.jpg
490908470_18353993758196946_4429607993868486020_n.jpg
Алдыга
Артка
491438402_18353993776196946_3288644580728184959_n.jpg
491415319_18353993767196946_5467060204442594657_n.jpg
490908470_18353993758196946_4429607993868486020_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 21.04.25. /Кабар/. Байгазы Кенжебаев Биатлон федерациясынын президенти болуп дайындалды. Бул тууралуу федерациянын кезектеги жыйынында белгилүү болду.

Байгазы Кенжебаев 2010-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары, 2012-2013-жылы Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору болуп иштеген. Ошондой эле кыз-келиндер күрөшү улуттук курама командасынын улук машыктыруучу кызматын аркалаган.

Байгазы Кенжебаев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген машыктыруучусу жана меценат.

Эске салсак, буга чейин Биатлон федерациясынын президенти кызматын Бөкөнбай Казаков аркалаган.