БАЭнин министрлер кабинетинин иштери боюнча министри “Достук” ордени менен сыйланды — Кабар

БАЭнин министрлер кабинетинин иштери боюнча министри “Достук” ордени менен сыйланды

Саясат 4 февраль 2026 01:10
628008105_1464339082367388_1710701696950221290_n.jpg
627459574_1464339089034054_4184717138785319301_n.jpg
627976444_1464339129034050_8047350237642586553_n.jpg
627240908_1464339049034058_4375244842461417627_n.jpg
627234154_1464339052367391_5887456754140545674_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин администрациясы

Бишкек, 04.02.26 /Кабар/. Бириккен Араб Эмираттарынын министрлер кабинетинин иштери боюнча министри Мохаммед Абдулла Аль Гергави Кыргыз Республикасы менен Бириккен Араб Эмираттарынын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы жана Кыргызстанда “Өкмөттүк акселераторлор” программасын ийгиликтүү ишке ашыргандыгы үчүн “Достук” ордени менен сыйланды.

Тиешелүү жарлыкка Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров кол койду.

Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун атынан БАЭнин министрлер кабинетинин иштери боюнча министри Мохаммед Абдулла Аль Гергавиге “Достук” орденин Дубай шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк өкмөттөр саммитинин (World Governments Summit) алкагында тапшырды.