Бабалардан калган мураспы же кооптуу мелдешпи? Өзгөндөгү аламан улак талкуу жаратты

Коом Загрузка... 09 Февраль 2026 18:08
cf10b2b8ca679d5ef79776490c2a18f3.jpg

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Күн мурун Ош облусунун Өзгөн районунда аламан улак оюну уюштурулуп, ага 30 миңдин тегерегиндеги адам катышты. Оюн чоң масштабда өттү. Бирок, оюн башталганга чейин дарыяга атын сугарууга барган улакчы аты менен кошо сууга кулап каза тапса, улак көрүүгө келген жаран унаа кырсыгына кабылып оор жаракат алган. Мындан улам коомчулукта карама-каршы эки пикир жаралды. Бир бөлүгү оюнду кооптуу деп сынга алса, экинчиси аны кыргыздын байыркы салттуу оюну катары коргоду.

Аламан улак деген эмне?

Аламан улак - бул кыргыз элинин салттуу улуттук оюну. Анын өзгөчөлүгү оюнчулар эрежесиз шартта таймашып, улакты белгиленген чекке жеткирүүгө аракет кылышат. Оюн жогорку динамикасы жана катаалдыгы менен айырмаланат. Улуттук оюндун бул түрү Борбор Азиядагы айрым элдерде да бар.

Аламан деген сөз “баары катышкан”, “эркин”, “чектөөсүз” деген маанини билдирет. Мында улакчылар командаларга бөлүнбөй, ар ким өз күчү менен ойнойт, катышуучулардын саны чектелбейт. Бул аны көк бөрүдөн айырмалап турат.

Азыр ал көбүнчө айыл жергесинде, чоң иш-чараларда же улуттук майрамдарда өткөрүлүп келет. Чоң оюндарда батир, унаа, жылкы, топоз жана төө сыяктуу байгелер коюлат.

Эрежесиз оюнга киргизилген эрежелер

Бул оюнда бирдиктүү эрежелер жок болгондуктан, ар түрдүү чыр-чатактар чыгып, кээ бир учурларда оор жаракаттан улам адам өлүмүнө алып келген учурлар катталган.

Буга байланыштуу 2025-жылдын август айында УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык - оюнду уюштурууну жана өткөрүүнү иретке келтирүү боюнча жумушчу топтун негизинде “Аламан улак” федерациясы түзүлгөн. Ага ылайык, мекеменин уставы менен жоболору, эрежелери бекитилип, биринчи курултайы өткөрүлгөн.

Уставда “жарандарды бириктирүү аркылуу байыркы ат үстүндөгү “Аламан улак” оюнун өнүктүрүү, жайылтуу жана системалаштыруу, аны заманбап шарттарда цивилизациялуу формага келтирүү, инсанды ар тараптуу жана гармониялуу өнүктүрүүдөгү ролун жогорулатуу, калктын ден соолугун чыңдоо жана дени сак жашоо образын калыптандыруу” деген уюмдун максаты белгиленген.

Андан сырткары, төмөндөгүдөй:

  • Оюндун шарттары;
  • Оюнду уюштуруу жана өткөрүү тартиби;
  • Тыюу салуулар жана жазалар;
  • Калыстардын жана улакчылардын милдеттери деген сыяктуу жоболор бекитилген.

Өзгөндөгү аламан улак учурундагы кырсык тууралуу федерация эмне дейт?

Өлкөдө улуттук оюндун бул түрү байма-бай өткөрүлүп келет. Катаал оюн катары белгилүү болгондуктан, оюнчулар ар кандай жаракаттарды алып, ал тургай адам өлүмү менен аяктаган учурлар кездешет. Күн мурунку мелдеш учурунда катталган кырсыктар оюн талаасынан сырткары болсо дагы, коомчулукту олуттуу ойго салды.

“Аламан улак” федерациясынын президенти Чолпонбай Исмаилов “Кабар” агенттигине билдиргендей, оюнду белгилүү улакчы уюштуруп, уюм ага көзөмөлдүк кылган.

“Бул оюн Кыргызстандагы эң күчтүү улакчылардын бири Манас Ниязов тарабынан уюштурулду. Борбор Азиянын деңгээлиндеги аламан улак оюну болуп, федерациянын республикалык, райондук өкүлдөрү катышып, көзөмөлгө алып, калыстар иштеп жатышты. Атап айтканда, федерация оюнду жана анын жүрүшүн, коопсуздугун жана эрежелердин сакталышын көзөмөлгө алып турду.

Чектен ашкан эреже бузуулар катталган жок. Ал эми катталган эки кырсык оюндан сырткары болду. Мен ошол жерде катышкан адам катары айта турган болсом, үч жигит оюн башталганга чейин аттарын сугарганы барып, бири аты менен кошо сууга түшүп кеткен экен. Экинчи жигит улакты көрүүгө келе жатып, унаасы менен дөңсөөдөн кулап кеткен.

Ар бир элдин үрп-адаттары, каада-салт, улуттук оюндары бар. Биз ата-бабалардан калган улак оюну менен дүйнөгө таанылып жатабыз. Дүйнө жүзүндө кыргызды улак оюнунан жеңген эч ким жок деп эсептейм. Оюндун ички тарабын ага катышпаган адам түшүнбөйт. Мисалы, хоккей ойнобогон адам аны анчейин түшүнө бербейт.

Федерациянын иштелип чыккан эрежелери колдонулуп, эреже бузгандар оюндан четтетилип жатты. Укук коргоо органдары тартипти карап жатышты”,-деп белгиледи ал.

WhatsApp Image 2026-02-10 at 09.23.37.jpeg

Ал эми адабиятчы жана тарыхчы Сулайман Кайыпов аталган улуттук оюндун келип чыгуу тарыхы жана мааниси тууралуу айтып жатып, “азыркы кезде "Аламан улак" деген ат менен жайылып бара жаткан ат спорт оюну кадимки эле көк бөрүнүн эң эски түрү болуп саналат. Ал XX кылымдын башына чейин "Аламан байге же Аламан улак" деген ат менен таанымал болгон. Эң чоң жана сан жагынан көп байгелер сайылган: төө, ат, тай, кой, килем, шырдак, кийиз, мал жана буюмдар. Кийинчерээк унаа, мотоцикл жана башка унаалар да байгелердин ичинен орун алган. Аламан улак акыркы учурда кайрадан жанданууда. Кыргыз ат спортунун эң мыкты үлгүсү. Бирок аламан улакты чабыш үчүн кара күч гана эмес, таалим-тарбия, сабырдуулук, жогорку маданият, адамкерчилик керек”,-деди.