Баалуу кагаздар рыногунун катышуучулары үчүн капиталдын жаңы стандарттары бекитилди

Экономика Загрузка... 11 Декабрь 2025 11:05
img_dc81fddf5a3adb9.2e16d0ba.format-webp.fill-1668x1014.webp
copyright icon WWW

Бишкек, 11.12.25. /Кабар/. Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары үчүн өздүк каражаттардын жетиштүүлүгүнүн ченемдик көрсөткүчтөрү жөнүндө жобону бекитти.

Токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Документте белгиленгендей, жаңы талаптар финансылык уюмдардын финансылык туруктуулугунун жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга багытталган.

Ишмердүүлүк боюнча капиталдын минималдуу өлчөмү төмөнкүдөй белгиленет:

Инвестициялык активдерди ишенимдүү башкаруу:

– 2027-жылдын 1-январына чейин – 10 млн сом;

– 2028-жылдын 1-январына чейин – 15 млн сом;

Дилердик ишмердүүлүк

– 2027-жылдын 1-январына чейин – 3 млн сом;

– 2028-жылдын 1-январына чейин – 5 млн сом;

Баалуу кагаздарга ээлик кылуучулардын реестри

– 2027-жылдын 1-январына чейин – 4 млн сом;

– 2028-жылдын 1-январына чейин – 6 млн сом;

Инвестициялык фонддун ишмердүүлүгү

– 2027-жылдын 1-январына чейин – 2 млн сом;

– 2028-жылдын 1-январына чейин – 3 млн сом.

Ошону менен бирге мурунку ченемдик укуктук актыларды жөнгө салган өкмөттүн 2011, 2013 жана 2014-жылдардагы токтомдору, ошондой эле өкмөттүн жана министрлер кабинетинин 2023-жылдагы чечимдеринин айрым жоболору күчүн жоготту деп табылды.

Жаңы нормалардын киргизилиши баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучуларынын ишинин жогорку стандарттарын камсыз кылууга жана өлкөнүн финансы тармагын туруктуу өнүктүрүүгө шарт түзүүгө тийиш.