Баалар турукташат: Баткенде ири күнөсканалар курулуп, ун заводдору иштеп жатат

Аймак Загрузка... 12 Июнь 2026 11:45
3964017.6fd44bb27600f60323b53c5b73e16cd8.jpg
copyright icon WWW

Аида Тургунбек кызы

Бардык материалдар

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Баткен облусу өндүрүш борборлорунан алыс жайгашкандыктан, логистикалык чыгымдардан улам азык-түлүк баасы бир аз жогору. Бул көйгөйдү чечүү максатында аймакта жергиликтүү өндүрүштү жана күнөскана чарбаларын өнүктүрүү боюнча ири долбоорлор колго алынууда, - деди президенттин өкүлү Мамыржан Рахимов.

Анын айтымында, облус аймагында жашылча-жемиштерди сактоочу муздаткычтарды орнотуу жана күнөсканаларды куруу иштери кызуу жүрүүдө.

"Күн электр станциясын куруп жаткан "Ак-Татыр Энержи" компаниясы долбоордун алкагында станциянын алдына жашылча-жемиш өстүрүүчү өтө чоң күнөскана курууну пландаштырган. Мындан тышкары, жакында эле түркиялык ишкерлер Баткен шаарына ири заманбап күнөсканаларды куруу сунушу менен кайрылышкан. Бул долбоорлор ишке ашса, облуста жашылча-жемиштин баасы турукташат деп ойлойбуз", - деди облус башчысы.

Ошондой эле ал Кызыл-Кыя шаарында Европадан келген заманбап жабдыктар менен жабдылган эки жаңы ун заводу иштеп жатканын айтты. Алардын кубаттуулугу Баткен облусун сапаттуу ун менен толук камсыз кылууга жетет.

"Биз ун чыгаруучу ишканалардын жетекчилери менен баа саясаты боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк. Учурда облус аймагында ундун баасы туруктуу сакталып турат", - деп баса белгиледи Мамыржан Рахимов.