Бишкек, 07.04.25. /Кабар/. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан гана Европа биримдигинин "кара" тизмесинде. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо , коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында КР министрлер кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канат Төлөгөнов билдирди.
Депутаттар Борбор Азия аймагындагы дагы кайсы өлкө ЕБдин "кара тизмесинде" экенине кызыгышкан.
Төлөгөновдун айтымында, Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Кыргызстан гана Евробиримдиктин "кара" тизмесинде.
"Казакстан "боз" тизмеде. Еврокомиссия адегенде адам ресурстары, жумушчулардын маянасы жана коопсуздук деңгээлин текшерет. Эгерде бардык талаптарды толук аткарсак, бул тизмеден сөзсүз чыгабыз", - деп ишендирди ал.