Бишкек, 07.11.25. /Кабар/. Кыргызстан "C5+1" форматынын алкагында экономикалык кызматташтыктын артыкчылыктуу багыттарын белгиледи. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.
Белгиленгендей, президент Садыр Жапаров баштаган Кыргызстандын расмий делегациясынын Америкага болгон иш сапарынын алкагында "С5+1" форматынын түзүлгөндүгүнүн 10 жылдыгына арналган иш-чаралар өттү.
Экономика министри Бакыт Сыдыков 6-ноябрда "Борбор Азияга кантип инвестиция салуу керек" деген панелдик сессияда сөз сүйлөп, аймактын дүйнөлүк экономикадагы стратегиялык ролун, "C5+1" форматынын ишенимди бекемдөө, өнөктөштүктү кеңейтүү жана биргелешкен демилгелерди илгерилетүү үчүн натыйжалуу платформа катары маанисин баса белгиледи.
Иш-чаранын жыйынтыгында ал 2026-жылдын 4-6-февралында Бишкекте "B5+1" регионалдык бизнес-форумун өткөрүү пландаштырылгандыгын жарыялады.
Форум Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын ортосундагы жаңы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү талкуулоо жана кызматташтыкты практика жүзүндө бекемдөө үчүн негизги аянтча болмокчу.